Чүйдө эки милиционерге карата кылмыш иш козголду

Чүйдүн Кемин районунун прокуратурасы райондук ички иштер бөлүмүнүн эки кызматкерине карата кылмыш иш козгоду. Бул тууралуу бүгүн Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан кабарлашты.

Милиционерлер кызматынан аша чапкандык деген берененин негизинде айыпталууда. Аларга карата доо арыз менен прокуратурага жергиликтүү тургун кайрылган. Ал көчөдө кетип баратып күч кызматкерлеринин ур-токмогуна кабылганын, натыйжада ооруканага түшкөнүн айтууда.

Окуя боюнча тергөө башталды. (RK)