Жалал-Абадда кыздарды лидерликке окуткан жайкы лагер уюштурулат

"Жаш жарандардын өнүгүүсү" коомдук фонду жайкы лагерди Базар-Коргондун Арстанбап жергесинде уюштурганы жатат.  Фонддун төрагасы Майрамбек Адылбековдун "Азаттыкка" билдирүүсүндө,  лагерде кыздарга саламаттык, гендердик укук жана лидерлик боюнча окуулар өтөт.

Жайкы лагерге Баткен жана Жалал-Абад облустарынан 14-17 жаштагы кыздар тандалып алынат.  (RsK)