Селден улам Бишкек-Ош жолу жабылды

Селдин кесепети.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, 16-июнда саат 21:20лар чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен сел жүрүп, Таш-Көмүр шаарында Бишкек-Ош каттамынын 430-435-чакырымдары жабылып калган. Жолго шагыл жана башка калдыктар түшкөн. Адам өмүрүнө зыян келтирилген эмес. №38 жол тейлөө ишканасы тазалоо иштерин жүргүзүп,17-июнга караган түнү жол бир тарапка ачылды. Азыр каттамды кеңейтүү аракеттери уланууда. (NT)