2015-жылкы декларациянын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик 700 чамалуу кызматкердин толтурган декларацияларында дал келбестик бар. Мамлекеттик кадр кызматы алардын тизмесин Башкы прокуратурага жиберди. Бул тууралуу Мамлекеттик кадр кызматынын башчысы Нурханбек Момуналиев “Азаттыкка” берген маегинде билдирди. Анын айтымына караганда, Кыргызстанда 17250 мамлекеттик кызматкердин штаты бар. Мамлекеттик кызматкерлердин мүлкү тууралуу 2015-жыл үчүн декларацияны толтуруу 1-мартта аяктаган.
Момуналиев: 700дөй мамлекеттик кызматкер декларациясын туура эмес толтурган
Нурханбек Момуналиев