Кымыз сезону кызыды

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргызстанда кымыз сезону кызыды. Шарты барлар тоого чыгып желеден саадырып ичишсе, жайлоого жетпей жатканы кымызканаларда чаңкоосун кандырат. Өлкөдө соңку жылдары кымыз бизнеси кадимкидей жанданды. Сезондо жайлоодогу малчылар, кымыз ташуучулар, базардагы сатуучулар жакшы эле киреше табышат. Азаттык радиосунун “Адам жана базар” апталык түрмөгүнүн бул жолку чыгарылышы кымыз бизнеси тууралуу болмокчу.