Ош-Исфана жолунун бир бөлүгү оңдолду

Жол курулушчулары.

Ош-Баткен-Исфана жолунун Көк-Талаа-Пүлгөн аймагынан өткөн 15 чакырым бөлүгү жаңыртылды. Анын ачылышы бүгүн премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда өтөт.

2012-жылдын ноябрында башталган курулуш иштерин кытайлык компания жүргүздү. Ага Европа биримдиги бөлгөн 8 миллион еврого жакын грант акча жумшалганын аталган уюмдун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү билдирди. (SE)