ЮНЕСКО мурастар тизмесине Батыш Тянь-Шань тоолору кириши ыктымал

Logo from UNESCO

10-20-июлдарда Стамбулда өтчү 40-сессиясында ЮНЕСКО Дүйнөлүк мурастар тизмесин карайт. Ага 29 арыз берилген. "Арасында Батыш Тянь-Шань тоолору да бар" деп кабарлайт "Казинформ".

ЮНЕСКОнун жарыясына караганда, комитет тогуз табигый, 16 маданий жана 4 аралаш (табигый-маданий) объектилерди карайт. Мындан тышкары, Дүйнөлүк мурастар тизмегиндеги 108 жана бузулуу коркунучунда турган 48 объектинин абалын анализдейт.

Батыш Тянь-Шанды тизмеге кошуу арызын Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстан жазганы белгиленет.