Орусияда “чет элдик агенттер жөнүндө” мыйзам боюнча кылмыш иш козголду

"Дон аялдары" уюмунун жетекчиси Валентина Череватенко.

Орусиянын Новочеркасск шаарынын тергөөчүлөрү “Дон аялдары” уюмунун башчысы Валентина Череватенкого карата “чет элдик агенттер жөнүндө” мыйзамын сактабай жатканы үчүн бүгүн кылмыш ишин козгошту. Бул ушул мыйзам негизинде Орусияда ачылган алгачкы кылмыш иши.

2014-жылы “чет элдик уюмдар” тизмесине кирген “Дон аялдары” уюмунан тышкары Череватенко дал ушундай эле аталыштагы коомдук фондду да жетектейт. Кылмыш ишинде “Дон аялдары” уюму саясий ишмердүүлүк менен алектенген жана чет жактан каржыланып келсе да уюмдун жетекчилиги аны чет элдик агенттердин тизмесине киргизүүдөн качып жүргөнү айтылат.

Эгер Череватенко күнөлүү деп табылса, эки жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн. Череватенко “Ведомости” гезитине берген маегинде өзүнө тагылып жаткан айыптарды четке кагып, бул иштин саясий мүдөөсү бар экенин белгилеген. Анын айтымында, “Дон аялдары” уюмуна басым “Жарандык Минск” долбоорунан кийин башталган. Бул долбоордун башкы максаты Украинанын чыгышындагы Минск келишиминин ишке ашышын көзөмөлдөө эле.

Мурдараак Валентина Череватенкону колдоо катына өлкөнүн бир нече укук коргоочулары кол коюшкан. Алар Тергөө комитетинин бул кадамын жарандык уюмдардын ишине кийлигишүү деп аташып, Орусия муну менен адам укуктары жаатындагы эл аралык милдеттенмелерин бузуп жатканын белгилешти.