Армения-Орусия ортосундагы башкы соода жолду жер көчкү жаап турат

Жогорку Ларс чек ара жана көзөмөл бекеттин айланасында жер көчкүдөн кийинки көрүнүш.

Армения-Орусия ортосундагы башкы соода жолду жер көчкү жаап калды. Мындан улам Жогорку Ларс көзөмөл бекетинде жүздөгөн жүк ташуучу жана жеңил унаалар топтолуп турат.

Грузия-Орусия чек арасындагы бул бекет Армения-Орусиянын товар жана жүк алмашуусундагы маанилүү түйүн.

Жогорку Ларс-Грузиянын Орусия колдогон жикчил чөлкөмдөрү: Түштүк Осетия менен Абахазиянын аймагынан тышта жайгашкан жалгыз чек ара бекети.

Ал Армения үчүн Орусияга кургактагы жалгыз соода жолу катары кызмат кылат.

Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 29-июнда билдиргендей, аймактан 150гө жакын адам, көбүнесе армениялыктар жакын арада тик учак менен эвакуацияланганы жатат.

Грузия бийликтеринин айтымында, алар 23-июнда жүргөн жер көчкүнү тазалоо аракеттерин көрүүдө. (UE)