Медакадемиянын ректорлугуна үч талапкер тандалды

Медициналык академиянын ректорунун кызматына бүгүн окуу жайдын жамааты үч талапкерди тандап алды. Ректор шайлоо Улуттук филармониянын чоң залында өттү. Ага 600дөн ашуун кызматкер катышып, добушун берди.

Натыйжада 185 добуш Ишенбек Сатылгановго, 166 добуш Доктурбек Адамбековго жана 139 добуш Индира Кудайбергеновага тийди. Үчөө тең профессорлук наамга ээ, медициналык илимдердин докторлору.

Конкурстук комиссиянын төрагасы Канатбек Керезбековдун "Азаттыкка" айтуусуна караганда, шайлоого 7 талапкер катышты:

- Өкмөт үчөөнүн бирөөнү дайындайт. Негизи дагы кандай болуп кетет деп кооптонгондор болгон. Бирок баары тынч, ачык өттү. Филармониянын сахнасында болду. Жамаат, журналисттер карап отурду.

Медициналык академиянын буга чейинки жетекчиси Ашыралы Зурдинов май айында өз арызы менен иштен кеткен. (RK)