Жогорку Кеңеш жайкы эс алууга тарады

Парламенттин VI чакырылышы 30-июнда алгачкы сессиясын расмий түрдө жаап, жайкы эс алууга тарады. Эртең спикер Чыныбай Турсунбеков Жогорку Кеңештин ишмердиги тууралуу маалымат берет. Депутаттар сентябрда ишке чыгышат. 

Алты фракциядан куралган азыркы парламент 2015-жылдын 4-октябрында шайланган. (NT)