Орусияда Ил-76 учагынын дайыны жок

Ил - 76 учагы. Иллюстративдик сүрөт.

Орусиянын Иркутск облусунда токойдогу өрттү өчүрүүгө тартылган Ил-76 учагы байланышка чыкпай жатат. Чукул кырдаалдар министрлигинин учагы жоголгон аймакты калың түтүн каптаган. Министрликтин өкүлдөрү Ил-76 жапыз учуп баратып, дарактарга илинип кетиши мүмкүн, деп болжолдошууда.

Акыркы жолу байланышка чыкканда экипаж техникалык мандем тууралуу маалымдаган эмес. Учактын бортунда куткаруучулар жана экипаж, бардыгы болуп 10 киши бар болчу. Аны издөөгө Чукул кырдаалдар министрлигинин дагы бир учагы жөнөтүлдү.