Газа тилкесине гумжардам жеткирген түркиялык кеме Израилге келди

Израил менен Түркиянын байрактары

Газа тилкесине 10 миң тонна гуманитардык жүк жеткирип бараткан түркиялык кеме 3-июлда Израилдин Ашдод портуна келди. Бул тууралуу түркиялык маалымат каражаттары кабарлашты. Бул өткөн аптада Түркия менен Израил ортосунда кол коюлган келишимдин алкагында анклавдагы палестиналыктарга багытталган жардамдын биринчи бөлүгү. "Лейла айым" кемеси азык-түлүк, кийим-кече, бут кийим, балдардын оюнчуктарын жеткирип барганын Түркиянын Чукул кырдаалдар мекемесине шилтеме жасап, Анадолу агенттиги билдирди. Анкара менен Тель-Авив алты жылдан бери уланып келаткан саясий араздашууга чекит коюп, алакаларды жакшыртуу тууралуу макулдашкан.

Эки өлкө региондогу өнөктөштөр катары саналып келген, бирок 2010-жылы Изарилдин блокадасын бузуп, Хамас уюму көзөмөлдөгөн Газа тилкесине гуманитардык жардам жеткирип бараткан кемеде түркиялык тогуз киши өлтүрүлгөндөн кийин ортодогу мамилелер кескин начарлаган. Жарашуу макулдашуусуна ылайык, Израил маркумдардын жакындарына 20 миллион доллар компенсация төлөмөкчү.