Бүгүн Кыргызстанда Орозо айт белгиленүүдө

Бишкекте Айт намазын окуу үчүн чогулгандар. 5-июль, 2016-жыл.

Рамазан айы аяктап, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы 5-июлду Орозо айт майрамы деп жарыялаган.

Айт намазы саат 7:30да башталды. Бишкектеги Эски аянтта оңдоп-түзөө иштери жүрүп жаткандыктан бул ирет намаз Жеңиш аянты тарапта окулду.

Президент Алмазбек Атамбаев адаттагыдай Айт намаз ибадатын Чүйдөгү өзү туулган Арашан айылында аткарды. (SE)