Бекжан жөө күлүк Карнасиске жолукту

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Марафончулардын жолугушуусу 8-июлда Бишкектин түштүк тарабындагы Орто-Сай айылында жайгашкан Боз-Бөлтөк чокусундагы туунун алдында болду. Май айында 12 жаштагы Бекжан Карымшаков мектеп куржунун асынган бойдон Ысык-Көлдө капыстан көрүп калган марафончулар менен 21 километр чуркап барган. Ошондон кийин ал бала жамы журтка белгилүү болгон. 54 жаштагы америкалык ультрамарафончу Дин Карнасис 4-июлда кыргыз-казак чек арасынан Таласка чуркап келип, 5-июлда Бишкекке чыккан. Ультрамарафончу Бишкектен Алматыга багыт алат.