Euro-2016: Португалия жеңишке жетти

Кичинекей күйөрман.

Португалия курама командасы футбол боюнча Европа чемпиондугунун финалдык оюнунда Франциянын командасын 1:0 эсебинде утуп алды. Аталган команда чемпион аталды. 10-июлдагы оюндарда Португалиянын чабуулчусу Эдер Маседу кошумча мөөнөттө Франциянын дарбазасына гол киргизип, командасына жеңиш алып келди. Париждеги оюндарда Португалия командасынын ишенген оюнчусу Криштиану Роналду тизесинен жаракат алып, катыша алган жок.