Түркияда төңкөрүш аракетине шектүү 2800 адам кармалды

Түркияда мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракет кылган деген шек менен 2800 адам кармалды. Бул тууралуу премьер-министр Биналы Йылдырым билдирди.

Өлгөндөрдүн жалпы саны 160тан ашты. Жараат алгандар 1440 адам.

Буга чейин бийлик окуяда 194 адам набыт болгонун, алардын 104ү козголоңчулар, 41 полиция кызматкери, 2 аскер жана 47 жай тургун экенин айткан.

Бийликтегилердин айтуусунда, кырдаал толугу бойдон көзөмөлдө, кармоолор, камоолор дагы эле уланууда.

Өткөн түнү Түркияда төңкөрүш жасоо аракети болуп, ишке ашкан жок.(RK)