17-июлда үч полиция кызматкерин атып өлтүргөн 29 жаштагы Канзас-Ситинин тургуну Гэвин Лонг экендиги ырасталды. Ал мурун жоокер экендиги жана бул ишке атайын курал-жаракчан даярданып келгендиги анык болду.
Натыйжада үч полиция набыт болуп, дагы үчөө жарадар болушкан. Аларды бирөө оор абалда экендиги кабарланууда.
Австралияда иш сапары менен жүргөн Америка Кошмо Штаттарынын вице-президенти Жо Байден бул кылмышты айыптады. "Бул биздин жашоо образыбызга болгон кол салуу",- деп билдирди Байден.