Африка биримдигинин тынчтык күчтөрүнүн Могадиши шаарындагы базасында 26-июлда жасалган терактан бери дегенде жети киши набыт болду.
Аль-Каида менен байланышкан Аль-Шабаб тобу жардырууга жоопкерчилкти алды. Бул топ батыш колдогон Сомали бийлигин кулатуу үчүн күрөш жүргүзүп келатат. Топ Сомалиде белгиленген шайлоо алдында чабуулдарын күчөтүүдө. (AiT)