Кытай көчмөндөр оюнуна катышат

Көчмөндөр оюндары.

Кытай Көчмөндөр дүйнөлүк оюндарына катышат. Бул тууралуу аталган оюндарды өткөрүү боюнча катчылыктан кабарлашты. Маалыматка ылайык, алар этникалык спорттун эки түрү: кытай жана монгол күрөштөрү боюнча катышат.

Делегацияны жетектеп Ички Монголиянын Спорт боюнча башкармалыгынын башкы директорунун орун басары Ши Лиминг келет.

Быйылкы Көчмөндөрдүн дүйнөлүк оюнуна 19 өлкөнүн спортчулары катышары күтүлүүдө.(BkA)