Сузакта сел күрүч талаасын сел жууп кетти

26-июлда кечинде Сузак районуна караштуу Кара-Дарыя айыл аймагында Кара-Дарыя дарыясынын сууну буруу максатында курулган тосмонун 15 метр аралыгын суу жеп, жээктеги 6 гектир жердеги шалы талаасын суу каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, суу каптоодон турак-жайларга коркунуч келген жок.

Учурда Жарандык коргонуу комиссиясы жеринде тактоо иштерин жүргүзүп жатат.(BkA)