Бишкек: 87 жаштагы кемпир зордукталганын айтып даттанды

Баш калаадагы Фучик атындагы эс алуу багында 87 жаштагы кемпирди белгисиз киши зордуктаганы тууралуу “Тез жардам” кызматы кабарлады. Ал өзү медицина кызматкерлерине чалып, жардам сураган. Окуя 2-августта күндүзгү саат бирлерде болгон.

Жабырлануучуга алгачкы медициналык жардам көрсөтүлдү.

Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгы текшерүү иштеринин жүрүшүндө кемпирдин зордукталбаганы аныкталганын билдирди. (SE)