ЖТРдин жетекчилиги менен кызматкерлердин ортосунда тиреш жүрүүдө

Жалал-Абад облустук мамлекеттик телерадиокомпаниянын (ЖТР) айрым кызматкерлери жетекчи Куттумидин Базаркуловдун үстүнөн даттанып, “Азаттык” радиосуна кайрылышты. Алар жеке кызыкчылыктан улам директор кызматкерлерди куугунтуктап жатканын билдирүүдө.

ЖТРдин башкы эсепчиси Өктөм Тагаева ырастагандай, 2015-жылдын апрель айында техника сатып алуу боюнча өткөрүлгөн тендердин мыйзамсыз экенин айткан кызматкерлер кысымга алынууда.

-Техникалык жабдууларды сатып алууга 5 миллион 700 сомдук тендер өткөрүлгөн. Бирок техникалардын 3 миллион сомдук бөлүгү документте көрсөтүлгөндөй чыккан эмес. Мен анын туура эместигин айткандан бери өзүнө душман санап алды. Андан соң өкмөт кызматкерлердин санын 52ден 36га кыскартуу буйругун чыгарган. Куттумидин Базаркулов жумуштагы кемчиликтерди ачык айткан, укугун талап кылган кызматкерлердин баарын иштен ала баштады,- дейт Тагаева.

Анын айтымында, тендердеги алешемдик боюнча тийиштүү органдар териштирүү жүргүзүп жатат. Бирок жетекчилик техника турган кампаны ачууга эч кимге уруксат бербей келүүдө.

Бул боюнча жетекчи Куттумидин Базаркуловго кайрылганыбызда, тендер маселеси иликтенип жатканынын айтып, ага комментарий бербей турганын билдирди. Ал эми кыскартуулар Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин буйругу экенин, ага жетекчилик жооптуу эместигин ырастады.

Буга чейин да ЖТРдин бир канча кызматкери иштен кетүүгө мажбур болуп, ага Куттумидин Базаркуловдун кысымы негиз болгонун айтышкан эле. Айрымдары маселени сот аркылуу чечүүгө камынып жатышканын маалымдашты.

Базаркулов ЖТРди 2010-жылдан бери башкарат. (SE)