Кытай, Тажикстан, Ооганстан жана Пакистан аскердик коалиция түзүштү

Кытай, Үрүмчү.

Кытай, Пакистан, Ооганстан жана Тажикстан аскердик антитеррористтик коалиция түзгөнүн билдиришти.

Бул тууралуу аталган өлкөнүн аскер колбашчыларынын Кытайдын Үрүмчү шаарындагы 4-августтагы жолугушуусунан кийин маалым болду.

Тараптар террорчулукка каршы күрөшүүдө чалгын маалыматтарын алмашууну жана аймакта биргелешкен аскерий машыгууларды өткөрүүнү макулдашкан.

Он жылдан ашуун убакыттан бери Пакистан менен Ооганстан Аль-Каида жана Талибан террордук тобу менен күрөшүүдө. Тажикстан ички экстремисттери менен кармашып келет. Ал эми Кытай Синьцзян аймагындагы жоочуларын жоюуга кызыкдар.