Белгия өкмөтү Шерлеруадагы окуяны теракт деп божомолдоп жатат

Белгия полициясы

Белгиянын Шерлеруа шаарында эки полициячы айымга кол салуу окуясын теракт же бейбаштык экенин аныктоо боюнча күч органдары териштирүү-тергөө иштерин жүргүзүп жатат. Бул тууралуу премьер-министр Шарль Мишель билдирди. Associated Press агенттиги кабарлагандай, окуяга байланыштуу өкмөт башчы эмгек өргүүсүн токтотту.

6-август күнү куралданган эркек киши эки полициячы айымды жарадар кылган. Кол салган адам өлтүрүлгөн.

Быйыл мартта Белгия баш калаасы Брюссель шаарындагы жардырууда 32 киши мерт кеткен эле.