Екатеринбург шаарына Кыргызстанды даңазалаган баннер илинди

Орусиянын Екатеренбург шаарына Кыргызстанды даңазалаган баннер илинди. Бул тууралуу Кыргызстандын аталган калаадагы башкы консулу Төлөнбай Кожобаев “Азаттык” радиосуна билдирди.

Жарнамада Ысык-Көлдүн, ак карлуу бийик тоолордун, Бишкек шаарынын жана тоолордогу эс алуучу жайлардын сүрөттөрү бар. Ортосуна “Кыргызстанга кош келиңиз” деп орусча жазылган.

Консул жергиликтүү бийлик менен сүйлөшүп, жарнаманы акысыз илүүгө макулдашканын билдирди.