Башкы штаб аскер лицейиндеги жаңжал боюнча түшүндүрмө берди

Бишкектеги Дайыр Асанов атындагы Аскер лецийи

Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы Бишкектеги Дайыр Асанов атындагы аскер лецийиндеги окуя боюнча маалымат таратты. Маалыматка ылайык, 9-августта аталган лицейдин 3-курсунун тарбиялануучулары эгемендик күнүнө арналган парадга карата машыгууга чыккан. Анын жүрүшүндө тарбиялануучулар менен командир ортосунда чыр чыккан. Жыйынтыгында тарбиялануучулар үйүнө кетип калган. 10-августта бардык тарбиялануучулар лицейге келип, аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Тарбиялык иштерде кемчилиги үчүн курстун командири кызматтан четтетилди. (BkA)