Орусия аннексияланган Крым аймагына аба соккуларына каршы S-400 системасындагы техникаларды жайгаштырды. Бул тууралуу Орусиянын Түштүк аскерий аймагынын кабарына таянып, жергиликтүү маалымат булактары билдирди.
Москва Крым жарым аралына орнотула турган коргонуу техникалары жөнүндө өткөн айда жарыялаган болду.
S-400 системасы аба соккуларына каршы көзөмөл жүргүзөт. Анын радиусу бир канча жүз километрди камтыйт.