Иззат Артыков: Мен тазамын

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

10-августта оор атлетчи Иззат Артыков коло медаль тагынып, Кыргызстандын эсебине жалгыз байге алып кайткан эле. 18-августта Эл аралык спорттук арбитраж соту Артыковдун кызытма колдонгону аныкталды деген жүйө менен анын жеңишин жокко чыгарды. Иззат Артыков допинг колдонгон деген айыпты четке кагууда. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик бул окуяга байланыштуу комиссия түздү.