Өзбекстанда айлык акы 15% жогорулап, кеминде 23 доллар болот

Ташкент шаары

Өзбек президенти Ислам Каримов айлык акы, пенсия, стипендия жана жөлөкпулду көбөйтүү тууралуу жарлыкка кол койду.

1-октябрдан тарта 15% жогорулаган айлык акынын минималдык көрсөткүчү 150 миң сум болот. Валютанын базар баасы менен эсептегенде бул 23 долларга барабар.

Пенсия, жөлөкпулдун эң азы 46 долларга жеткирилмей болууда. (RK)