Кара-Кечедеги митингчилер тарап кетишти

Жумгал райондук администрация башчысы кенчилердин маселесин үч күндүн ичинде чечип берүү аракети көрүлөрүн айткан соң, чогулган 70ке чукул жумушчу тарап кетишти.

Аким жумушчулардын талабын тийиштүү тарапка жеткирерин убада кылды. “Кыргыз көмүр” ишканасынын филиалынын жетекчи орун басары Аят Сансызбаев “Азаттыкка” Кара-Кече кенинде иш ушул жылдын июнь айында токтогонун, ага “Кыргыз Көмүр” ишканасынын жетекчилиги алмашканы, кенде жетиштүү техниканын жоктугу, күйүүчү майдын өз убагында келбей жатышы себеп болгонун билдирди. Маалыматка караганда кенчилер февраль айынан бери айлык акы алган эмес, ушул тапта ишкананын айлык акы боюнча аларга карызы 6 миллион сомго жеткен.

Өткөн жылы ушул убакта 190 миң тонна көмүр казылып алынган. Ал эми быйыл болгону 85 миң тонна гана казылган. (MiK)