Москвадагы элчи кырсык болгон жерге барды

Болот Отунбаев эл менен жолугууда.

Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Болот Отунбаев кырсык болгон жерге барып, басмаканадагы өрттөн каза тапкан кыргызстандыктардын жакындары менен жолукту. Бул тууралуу Москвадагы кабарчыбыз билдирди. Отунбаевдин айтымында, премьер-министр Сооронбай Жээнбеков сөөктөрдү атайын учак менен Кыргызстанга жеткирүүнү убада кылган.

Буга чейин диаспора өкүлдөрү жана каза тапкандардын жакындары элчини сөөктөрдүн баарын бир борт менен алып кетүүгө жардам берүүнү өтүнгөн.

Ошондой эле элчи курман болгондордун элесине арнап гүлчамбар койду. Москвадагы кабарчыбыз билдиргендей, эртең да саат 12де кырсык болгон жерде набыт кеткендер эскерилет.

Мындай эскерүү иш-чарасы эртең Бишкекте да өтөөрү кабарланды.

17 адамдын өмүрүн алган өрт бүгүн эртең менен Москвадагы "Печатный экспресс" басмаканасына таандык кампада чыккан. Андан 15 кыргызстандык каза тапканы аныкталды.

Ал эми Тышкы иштер министрлиги Москванын ооруканаларына өрттөн жабыркаган төрт кыргызстандык жеткирилгенин, алардын абалы оор экенин билдирди.

Ошондой эле министрлик кырсыкта набыт кеткендердин Кыргызстандагы жакындары үчүн чукул байланыш кызматы (0556 00-72-32, 0557 71-05-35) иштеп жатканын маалымдады.