Парламент жайкы эс алуудан келип ишин баштады

Жогорку Кеңеш.

Парламенттин VI чакырылышы бүгүн жайкы эс алуудан кийин кезектеги сессиясын баштады. Азыр  карала турган маселелер талкууланып, депутаттар өз сунуштарын берип жатышат.

Алдыда Аксы районундагы кыргыз-өзбек чек арасындагы Үңкүр-Тоого байланышкан маселе, мигранттар, террорчулук көйгөйү, Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум өткөрүү демилгеси талкууланмакчы. 

Жогорку Кеңеш алгачкы сессиясын 30-июнда жапкан. Алты фракциядан куралган азыркы парламент 2015-жылдын 4-октябрында шайланган. (NT)