Сузак: жер көчкүдөн жабылган мектеп кайра иштей баштады

Алмалуу-Булактагы жер көчкү.

Быйыл апрель айында болгон жер көчкүдөн кийин жабылган райондун Алмалуу-Булак айылындагы орто мектеп бүгүн кайра ишке киришти. Сузак районунун акими Абдимуктар Маматовдун “Азаттыкка” билдиришинче, жергиликтүү комиссия жеринде барып тургундар менен жолугушуп, алардын талабы менен мектеп убактылуу ачылды.

№75 Матиев атындагы орто мектепте 160 окуучу билим алчу. Май айынын башында алар коңшу айылдагы мектептерге которулган. Айылда жашоого кооптуу деп табылган 150 үй-бүлөгө жер тилкесин бөлүп берүү маселеси чечилбегендиктен, алар азыр да бул жерде жашоого аргасыз экендиктерин айтышууда.

Жазындагы жер көчкү ушул айылдагы жети үйдү жана он беш жаштагы баланы басып калган болчу. Мындай улам ӨКМ адистери айылды толугу менен башка жакка көчүрүү тыянагына келген. (RsK)