Парламент 12-сентябрдан кийин ишин улантат

Жогорку Кеңеш бүгүнкү жыйында 12-сентябрдан кийин ишти улантуу чечимин кабыл алды.

КСДП фракциясынан депутат Кожобек Рыспаев Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жана Курман айтка байланыштуу эл өкүлдөрү толук катышпай калышы мүмкүн деген негизде 12-сентябрдан кийин ишти улантууну сунуштап, ага 69 депутат "макул" деген добуш беришти.

Спикер Чыныбай Турсунбеков бул убакыт аралыгында жалпы жыйындар өтпөй турганын, ал эми парламент комитеттеринин иши уланарын билдирди.

Парламенттин VI чакырылышы 30-июнда эки айлык эс алууга тарап, күзгү сессиясын бүгүн эле баштаган болчу. (NT)