Британия Иран менен түз аба каттамын калыбына келтирди

British Airways компаниясы Лондон-Тегеран түз каттамын калыбына келтирди. Бул Иран Батыш өлкөлөрү менен ядролук программа боюнча мунасага келгенден кийинки мамиленин жылыганынын белгиси катары каралууда.

Британиялык алдыңкы компаниянын биринчи рейси Тегеранга 2-сентябрда учуп келери күтүлүүдө.

Түз аба каттамы 2012-жылдын октябрында Тегерандагы британ элчилиги жабылганда токтотулган.

British Airways Иранга жумасына алты ирет учууну көздөөдө.

Элчилик 2015-жылы ачылган.