Кырчын жайлоосундагы жаан кесепеттери тазаланууда

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтчү Кырчын жайлоосунда нөшөрлүү жаандан улам каптаган сууну тазалоо иштери уланууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, 2-сентябрь күнү катуу жаан болуп, 30 боз үйгө суу кирген.

Тазалоо иштерине атайын техника жана 52 куткаруучу тартылган.

Экинчи дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары 3-8-сентябрда Чолпон-Ата шаарында, Булан-Сөгөтү айылында жана Кырчын жайлоосунда өтөт. Маанилүү иш-чаралар Кырчын жайлоосунда белгиленген.