Чукул эскертүү: аба ырайы кескин өзгөрөт

Жамгыр.

Узакка созулган ысыктан соң Кыргызстанда 12-сентябрдан тарта аба ырайы кескин өзгөрөт, мындай аба ырайы 3 күнгө созулат.

Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу болот. Кез-кези менен батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жетиши мүмкүн.

Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатат.

Бул күндөрү нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ысык-Көл облусунун тоолуу аймактарында сел жүрүшү ыктымал. (SE)