Каримов бекиткен мыйзамды Мирзиёев бузду

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Өзбекстандын Конституциясынын 96-беренесине ылайык, эгер президент каза тапса же кызмат милдетин аткара албай калса, анын бийлик укугу үч айлык мөөнөт менен премьер-министрге эмес, парламенттин жогорку палатасы - Сенаттын төрагасына өтүшү керек болчу. Бирок 8-сентябрда Ташкентте өзбек парламентинин кош палатасынын биргелешкен жыйынында премьер-министр Шавкат Мирзиёев Өзбекстандын утурумдук президенти болуп дайындалды.