Казак президенти Нурсултан Назарбаев Самаркандга барып, Ислам Каримовду эскерди. Бул тууралуу бүгүн анын маалымат кызматы кабарлады.
Иш сапар алкагында Назарбаев Каримовдун үй-бүлөсү жана президенттин милдетин аткаруучу Шафкат Мирзиёев менен жолугат.
Өзбекстанды 27 жыл башкарган Ислам Каримов 2-сентябрда 78 жашында инсульттан кийин дүйнө салган.
Нурсултан Назарбаев Казакстанды 1989-жылдан бери башкарып келатат. (RK)