ШКУга мүчө өлкөлөрдүн аскердик машыгуусу Балыкчыда өтөт

ШКУ аскерлеринин машыгуусу.

Шанхай кызматташтык уюмуна кирген өлкөлөрдүн аскердик машыгуусу 15-21-сентябрь аралыгында Балыкчыда өтөт. Бул тууралуу Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын маалымат катчысы Бакыт Эргешбаев “Азаттыкка” билдирди.

Маалыматка ылайык, мындай ири аскердик машыгуу буга чейин Кыргызстанда болгон эмес. Машыгуу “Тынчтык миссиясы – 2016” деп аталып, террорчулукка каршы багытталууда. ШКУга 8 өлкө мүчө. Буга чейинки ири аскердик машыгуулар Кытай, Орусия жана Казакстанда өткөн. (UEz)