КМШ өлкө башчыларынын саммити ачылды

КМШ өлкө башчыларынын Бишкек шаарындагы юбилейлик саммити бүгүн кечки саат 18:20да расмий ачылды. Анда негизинен терроризмге каршы күрөш маселеси талкууланат. Андан тышкары экономикалык жана маданий кызматташтык маселелери каралары кабарланган.

Саммиттин ачылышы алгач 16:00гө белгиленген. Бирок Орусия президенти Владимир Путиндин кечигишинен улам жыйын эки саатка артка жылдырылган. Путин аба ырайына байланыштуу Москвадан кеч учканы маалымдалды.

16-17-сентябрга белгиленген саммит КМШнын 25 жылдык мааракесине туш келүүдө. Саммитке Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Орусия, Армения, Азербайжан жана Беларус президенттери, Молдованын өкмөт башчысы, Өзбекстандын тышкы иштер министри, Түркмөнстандан премьер-министрдин жардамчысы, Украинадан элчи катышат. Иш-чараны чет элдик жана жергиликтүү 300дөй журналист чагылдырат.

Саммиттин алдында президенттин “Ала-Арча” резиденциясында 179 миллион сомго бүткөн боз үй тибиндеги конок үйү ачылды. Анын биринчи коноктору саммит катышуучулары болушат.

1991-жылы түзүлгөн КМШга быйыл Кыргызстан төрагалык кылат.