Индиянын Гоа штатында өтүп жаткан футбол боюнча 16 жашка чейинкилердин Азия чемпионатында (U-16) Кыргызстан курамасы Австралия командасын 1:0 эсебинде утуп алды. Кыргыз тараптын жалгыз голун экинчи таймда пенальти аркылуу Адилет Каныбеков киргизгенин Кыргызстандын Футбол федерациясы билдирди.
Кыргызстандыктар эми 19-сентябрда Жапония футболчуларына каршы ойношот. 22-сентябрда Вьетнам курамасы менен беттешет. Эки таймаш тең Бишкек убактысы боюнча 16:30да башталат.
Оюн төрт тайпада өтүүдө:
А: Индия, Иран, Сауд Арабия жана Бириккен Араб Эмирлиги.
В: Австралия, Вьетнам, Жапония жана Кыргызстан.
С: Түштүк Корея, Малайзия, Оман жана Ирак.
D: Түндүк Корея, Өзбекстан, Тайланд жана Йемен.
Эң мыкты төрт команда 2017-жылы Индияда өтө турган Дүйнө чемпионатына жолдомо алышат.