Баткен килеми - энелердин мурасы

Килем токуу өтө көп эмгекти талап кылган кол өнөрчүлүккө кирет. Көбүнчө килемдер койдун жүнүнөн табигый өңдө жасалат. 

Ал эми ар кандай түстөрдү берүүгө кадимки анардын, пияздын кабыктарынан алынган табигый боёктор пайдаланылат.

- Бир килемди даярдоо үчүн бир ай убакыт кетет. Жүндү кыркып алгандан баштап тытып, жууп, ийрип, кайра да жууп-тазалап, кештесин баштап куруп чыкканга эле бир топ убакыт кетет, - дейт чебер Уркуя Асанова.

Ар бир килемге кооздук, керемет көрүнүштү тартуулап турган гүлдөрдү, түркүн оймолорду, дегеле кооздуктарды берүү да өзүнчө түйшүк. 

Килем токуу Баткен облусунда кеңири жайылган өнөр болгондуктан бул аймакта килем токуганды билбеген кыз-келиндерди катуу уяткарышат.

Учурда кол өнөрчүлүк менен алектенген айымдар өздөрүнчө “Энелер” тобун түзүп, кыздарды чеберчиликке үйрөтүүнүн азыркы заманга ылайык жолун ойлоп табышкан.

Чеберлер Баткен килемдери узак убакытка чейин колдонгонго мүмкүн экенин, канчалык эскирсе, ошончолук баалуулугу артаарын айтышты.

Учурда Лейлек районунда 50-100 жылга жакын колдонулган килемдер бар.

Койдун жүнүнөн жасалган килем кооз, ден соолукка пайдалуу болгону менен, карап күткөнгө бир аз ыңгайсыз.

Гапар Айтиев атындагы көркөм-сүрөт музейинде Баткен килеминин негизинен жүл жана араби килемдери көргөзмөгө коюлду.

Жүл түктүү болсо, араб килеми түксүз келип, токмок менен согулат экен.