Ак-Сай аймагында малчылар үчүн көпүрө салынды

Иллюстративдик сүрөт.

Нарын облусунун Ак-Сай аймагында Көлмө суусундагы көпүрө пайдаланууга берилди. Бул тууралуу өкмөттүн Нарындагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Айнура Дүйшөк кызы билдирди. Көпүрөнүн узундугу 136 метр. Курулуш толугу менен республикалык бюджеттен каржыланган.

Нарын облустук жайыт департаментинин башчысы Абакир Садыровдун айтымында, көпүрөнү 2012-жылы суу алып кеткенден кийин Ак-Сайга бир топ малчылар каттай албай калган. Көпүрө курулган Көл-Суу аймагында Нарын районунун 17 малчысы кыштайт. (MiK)