Ирак Ширкат шаарын бошотуу операциясын баштады

Ирак армиясы түндүктөгү Ширкат шаарын “Ислам мамлекети” террордук тобунун колунан кайра алуу үчүн аскердик операциясын баштады. Армия согушкерлер көзөмөлдөгөн өлкөдөгү экинчи ири шаар – Мосулга да сокку урууга даярданууда.

Согушкерлер эки жыл мурда ээлеп алган Ширкат шаары Багдаддын түндүк-батышынан 260 чакырым алыстыктагы Саладин провинциясында жайгашкан.

АКШнын аба чабуулдарынан колдоо алган Ирак күчтөрү быйыл бир нече шаарды согушкерлерден кайтарып алды. Алардын арасында Рамади жана Фаллужа шаарлары бар. (KKs)