Президент Алмазбек Атамбаев Түркияда дарылануусун улантууда

Атамбаев Түркияда дарыланат, 19-сентябрь, 2016.

Бул тууралуу президенттик аппараттан “Азаттыкка” маалымдашты. Мамлекет башчы ден соолугун карап, медициналык текшерүүдөн толук өтүү үчүн 20-сентябрдан 1-октябрга чейин кыска эмгек өргүүсүн алган. Президенттик аппарат Алмазбек Атамбаев ооруканада деген маалыматтарды четке кагууда.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев 19-сентябрда БУУнун Башкы Ассамблеясынын жыйынына бараткан жолдо саламаттыгы начарлап, Стамбулда дарыгерлерге кайрылган. Андан соң дарыгерлердин сунушу менен Нью-Йоркко сапарын токтоткон.(ZKo)