Талас: кара өрүк мээнетти актаган жок

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Быйыл Таласта кара өрүк арзан баада сатылды. Багбанчылар буга Таласта фитосанитардык лабораториянын жоктугу себеп болгонун айтышат. Лабораториянын корутундусу болмоюнча Казакстандын чек арасынан өтүү мүмкүн эмес. Ал эми корутунду үчүн алып-сатарлар Бишкекке продукцияларынын үлгүсүн алып барып, буга бир нече күн убакыт кетиришет. Документ топтогусу келбегендер кара өрүктү арзан баада өлкө ичинде сатышууда.