Дыйкандардын кызылчадан үмүтү чоң

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Союз учурунда кант кызылчасын өстүрүү боюнча алдыңкы орундарда турган Кыргызстанда бул тармак солгундап, өндүрүүчүлөр кумшекерге болгон суроо талаптын 10-20 пайызын гана камсыз кылып калган. Бирок, акыркы эки жылдан бери кант кызылчасын айдагандар арбып, айыл чарба министрлигинин маалыматында быйыл калктын шекерге болгон керектөөсүн 50-60 пайызга камсыз кылуу болжолдонууда. Аны менен катар дыйкандар кант кызылчасынын жаңы сортторун өстүрүп, заманбап техниканы колдонууну өздөштүрүп жатышат.