Азербайжанда өткөн референдум Алиевдин башкаруу мөөнөтүн узартты

Азербайжанда дүйшөмбү күнкү референдумга катышкан шайлоочулардын 90 пайыздан көбү президенттик мөөнөттү 5 жылдан 7 жылга узартууга макул деп добуш беришти.

Референдумга жалпысынан 29 маселе коюлган. Алардын эң негизгиси азыркы президент Илхам Алиевдин мамлекет башчы кызматындагы мөөнөтүн узартуу болчу.

2003-жылы атасынан кийин президенттикти ээлеген Алиевдин мөөнөтү эми 2018-жылы эмес, 2020-жылга чейин узарды.

Референдумдун расмий жыйынтыгы октябрда жарыяланат. Алгачкы эсептөөлөр катталган шайлоочулардын 70% добуш бергенин көрсөтүүдө.

Эл аралык уюмдар бул өнөктүктү мунайга бай мамлекеттин азыркы жетекчилиги өз бийлигин бекемдөө жана оппозиция өкүлдөрүн жолотпоо максатында атайын уюштурду деп айыптап жатат. (RK)